Укук коргоо органдары тарабынан синтетикалык баңгизаттарды даярдап келген жашыруун нарколаборатория аныкталды.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин алкагында Н.А.Д., А.Ч.Х. жана Д.А.В. аттуу жарандар кармалган.
Жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө «Спайс» жана «A-PVP» аталышындагы синтетикалык баңгизаттар табылып, алынган.
Учурда нарколабораторияны уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле баңгизаттарды таратуу каналдарын бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.