Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү

4-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 14

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө көл аймагында мыйзамсыз балык уулоо фактылары жана балык уулоочу торлор аныкталган эмес.

Мындай рейддик иш-чаралардын мындан ары да туруктуу негизде улантылары белгиленди.

4-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X