Соң-Көлгө 4,2 млн балык чабагы коё берилди
Соң-Көл балык чарба мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көлгө май-канат (сиг-лудога) балыгынын 4 миллион 200 миң даана чабагы коё берилди.
Ар бир чабактын орточо салмагы 0,30 граммды түзөт. Бул иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын алкагында өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, мындай иш-чаралар суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.