"Эркин-Тоо"

Соцфонд: Түркияда иштеген кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Мындан ары Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле соцфонд 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө киргендигин кабарлады.
«Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин аркасында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 344 суроо-талап жиберилип, 340 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди. Учурда Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди (пенсиянын суммасы 490 түрк лирасы).»