«Социалдык контракт» аркылуу миңдеген үй-бүлөгө киреше булагы түзүлдү
Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Социалдык контракт» программасынын алкагында жыл башынан бери 7 миңден ашуун келишим түзүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча жалпы 7 миң 42 социалдык контракт түзүлгөн.
Программанын негизги максаты — турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө киреше алып келүүчү ишти баштоого мүмкүнчүлүк түзүп, алардын жашоо деңгээлин жакшыртуу.
Министрликтин маалыматына караганда, социалдык контракттардын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында ишке ашырылууда. Анын алкагында жарандар өз алдынча киреше табууга багытталган долбоорлорун ишке ашырууда.