Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредит программасы бекитилди
2024-жылдан тартып социалдык контракт механизми аркылуу ишкерлик демилгелерин ишке ашырган жарандарды колдоо максатында пайызсыз кредиттер берилип келет. Учурда бул механизм үчүнчү жыл катары менен ишке ашырылып жатат.
Программанын негизги максаты — социалдык контракттын катышуучулары тарабынан мурда алынган каражаттардын эсебинен түзүлгөн бизнести же көмөкчү чарбаны андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүүгө кошумча каржылык колдоо көрсөтүү.
Шартка ылайык, ишкердик субъект катары катталган (жеке ишкер, патент же жоопкерчилиги чектелген коом) жана кредиттик тарыхы таза болгон социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-пландын негизинде үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кредит каражаттары алынгандан кийин үч айлык жеңилдетилген мезгил берилет. Андан соң карыз 3 жыл ичинде ай сайын тең бөлүктөр менен төлөнөт. Ал эми пайыздык чыгымдар мамлекет тарабынан жабылат.
Программага катышуу үчүн жарандар “АБанк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл.