Социалдык саясаттын иш жүзүндөгү көрүнүшү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен бирге министрликтин түзүмдөрүнүн жана социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, бир катар актуалдуу маеслелерди жеринде талкуулады.
Ачыктык жана жаңы социалдык демилгелер
Иш-чаранын алкагында министр Канат Сагынбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде жаңы мамлекеттик демилгелерди ишке ашыруу, социалдык коргоо чараларын күчөтүү жана калк менен маалыматтык иштерди жакшыртуу маселелери каралды.
Жыйындагы негизги темалардын бири “Бала ырысы” аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке киргизүүгө даярдыктардын ырааттуу жүргүзүлүшү болду. Министр бардык тиешелүү түзүмдөргө документтерди кабыл алуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү механизмдерин толук даярдоону тапшырды. Ошондой эле оор турмуштук кырдаалдагы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси талкууланып, лагерлерде балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурду. Балдардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 15 миллион сом каралат. Министр Канат Сагынбаев бардык жооптуу кызматтарга эс алуу программаларынын сапатын жогорулатып, лагерлерде коопсуздук талаптарынын так сакталышын камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча милдеттемелерди тапшырды.
Мындан сырткары, Россия Федерациясына кирүү тартибиндеги өзгөртүүлөргө байланыштуу эмгек мигранттарына түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жаштар үчүн кесип тандоонун мааниси
Министр Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында окуучулар менен жолугушуп, бүгүнкү эмгек рыногунда кесип тандоо менен катар билимди жана көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшү жаштардан жаңы билимдерди өздөштүрүүнү талап кылууда. Учурда өлкөдө логисттерге, айдоочуларга, автоэлектриктерге, инженерлерге жана энергетика тармагындагы адистерге суроо-талап жогору.
Жолугушууда Канат Сагынбаев окуучулар менен өзүнүн жашоосунан да бөлүшүп, бала кезинде космонавт болууну кыялданганын, бирок турмуш шарттары аны башка жолго алып келгенин айтты. Министр кандай гана максат болбосун ага жетүүдө талыкпас эмгек, билимге умтулуу жана өжөрлүк башкы роль ойной турганын белгилеп, жаштарды өз кыялдарына жетүү үчүн талыкпас эмгек кылууга үндөдү.

Чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу
Министр Канат Сагынбаев чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул жерде жарандар өлкөдөн тышкары мыйзамдуу ишке орношуу, эмгек мигранттарын мамлекеттик колдоо чаралары, лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин иши тууралуу маалымат алып, ошондой эле чет өлкөгө чыгуунун алдындагы даярдыктан өтө алышат. Министр: “Жарандардын кесиптик деңгээли канчалык жогору болсо, алардын кирешеси да ошончолук көп болот” — деди жолугушууда.
Маалыматка ылайык, Корея Республикасынын EPS программасы аркылуу акыркы 18 жыл ичинде 5 миңден ашык кыргызстандык жумушка орношкон. Учурда бул өлкөдө 1 600дөн ашык жаран эмгектенип жатат. Алардын орточо эмгек акысы айына болжол менен 1 700 АКШ долларын түзөт.
2026-жылдын алгачкы беш айында борбордун көмөгү менен 11 миңден ашык жаран ишке орноштурулган. Учурда жарандарды Кореядан тышкары Улуу Британия, Словакия, Түркия жана башка өлкөлөргө мыйзамдуу жумушка жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Протездик борбордогу жаңы мүмкүнчүлүктөр
“Ачык кабинет” долбоорунун алкагында министр Канат Сагынбаев Протездик-ортопедиялык буюмдардын республикалык мекемесине барып, анын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан модернизациялоо иштери менен да таанышты. Бүгүнкү күндө мекемеде 159 кызматкер эмгектенсе, алардын 10%га жакынын майыптыгы бар адамдар түзөт.
Сапардын жүрүшүндө заманбап технологиялар жана жаңы жабдуулар көрсөтүлдү. Мекемени жаңылоого жалпысынан 97,8 миллион сом бөлүнүп, анын 89,3 миллион сому 55 түрдүү заманбап жабдууну сатып алууга жумшалган. Эң башкы жаңылык — бул республикада биринчи жолу бюджеттин эсебинен жогорку технологиядагы 3D-протездөө системасынын ишке киргизилиши болгон. Анын алкагында 3D-сканерлер жана 3D-принтерлер аркылуу протездерди даярдоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул реабилитациянын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарууда.
Министр Канат Сагынбаев мындай жаңылануулар майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртып гана тим болбостон, алардын коомдук турмушка активдүү аралашуусуна, өз алдынча өнүгүүсүнө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачарына токтолду.
Ар бир балага татыктуу камкордук
“Ачык кабинет” долбоорунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Беловодскийдеги балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышын жеринде текшерди.
Иш сапардын жүрүшүндө балдарды дары-дармек менен камсыздоо, тамак-аштын сапаты, материалдык-техникалык базанын абалы жана кызматкерлердин эмгек шарттары боюнча жүргүзүлгөн иштерге баа берилди. Учурда мекемеде 226 майыптыгы бар бала кызмат алат, алардын 128и эркек бала, 98и кыз бала. Өкмөт тарабынан бекитилген ченемге ылайык, бир баланын күнүмдүк тамак-ашына 220 сом
каралган.
Министр акыркы мезгилде мекемедеги шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынып, алардын негизинде дары-дармек менен камсыздоо күчөтүлүп, социалдык стандарттар жаңыланганын белгиледи.
Канат Сагынбаевдин айтымында, бул тармакта эмгектенген кызматкерлер өзгөчө миссияны аткарышат. Алар ата-энесинин камкордугусуз калган жана майыптыгы бар балдарды күнү-түнү карап, тарбиялап, реабилитациялоого көмөк көрсөтүшөт. Ошондуктан, алардын эмгегин баалоо, социалдык жактан колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Күнболот Момоконов