Социалдык жактан аярлуу балдардын биринчи агымы жөнөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев социалдык жактан аярлуу категориядагы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу иштерине жеке көзөмөл жүргүздү.
2026-жылдагы жайкы ден соолукту чыңдоо өнөктүгүнүн алкагында биринчи агымдагы балдар эс алуу жайларына жөнөтүлдү. Иш-чара 10-июндан тарта башталып, балдардын коопсуз жана сапаттуу эс алуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.
Министрлик жайкы эс алуу мезгилинде балдардын ден соолугун чыңдоо жана социалдык колдоону күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.