“Сокулук” жана “Туюк” ГЭСтери ишке берилди

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан гидроэлектр станцияларын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Президент чакан ГЭСтерди куруу электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүнүн натыйжалуу жолу экенин айтып, бул долбоорлор энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатууга жана импортко көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Садыр Жапаровдун айтымында, учурда өлкөдө 48 чакан ГЭС иштеп, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Ошондой эле дагы 50 чакан ГЭС курулуп жатканы, алардын 13ү быйыл ишке берилери пландалууда.

Президент белгилегендей, жаңы объекттер аймактардын энергетикалык камсыздалышын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт.

Иш-чаранын алкагында “Сокулук” жана “Туюк” ГЭСтеринин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВт экендиги, долбоор “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып, инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,7 млрд сомду түзөрү айтылды.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында гидроэлектр станциялардын имараттары, подстанциялар жана электр берүү линиялары толук курулган.

Иш-чаранын соңунда Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, энергетика тармагындагы долбоорлор өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X