Сокулукта тургундарды түйшөлткөн негизги маселелер депутатка айтылды

20-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Чомоев Чүй облусунун Сокулук районунда иш сапары менен болуп, аймактагы көйгөйлүү маселелерди жеринен көрүп, аларды чечүүнүн жолдорун тиешелүү жетекчилер менен талкуулады.

Иш сапардын алкагында эл өкүлү Асылбаш айылындагы жолдун курулушу менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана жүрүшүнө көңүл бурду.Возможно, это изображение один или несколько человек и дерево

Ошондой эле Сокулук райондук ооруканасына барып, медициналык мекеменин курулушунун абалы, сапаты жана учурдагы көйгөйлөрү тууралуу маалымат алды.

Мындан тышкары, Школьная, Кайназарова, Ошская, Мира көчөлөрүнүн жана Школьный көчө өтмөгүнүн жашоочулары менен жолугушуп, газдаштыруу маселесин талкуулады. Тургундардын көйгөйлөрү угулуп, «Газпром» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен биргеликте аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.

Депутат бардык көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү жетекчилер менен биргеликте көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

20-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X