Сокулукта уруксат документтери жок курулуп жаткан цехке 200 миң сом айып салынды
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында уруксат берүүчү документтери жок өндүрүштүк цехтин курулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдаланууга арналган кампа тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жаткан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «ЭкстраВент» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилген. Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Департамент жарандарды жана курулуш жүргүзгөн тараптарды шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоого, курулуш иштерин баштоодон мурда тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерди алууга чакырды.