Сокулукта жогорку түшүм берүүчү кант кызылчасы өстүрүлүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу Сокулук районунда 10 гектар аянтка кант кызылчасын өстүрүүдө.
Айдоо иштеринде Франция жана Германиядан алынып келинген жогорку түшүм берүүчү сорттор колдонулган.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда эгиндин өсүшү жакшы жүрүп, талаада бардык агротехникалык талаптар сакталууда. Адистер топурактын анализин үзгүлтүксүз жүргүзүп, анын жыйынтыгына жараша минералдык жер семирткичтерди өз убагында берүүдө.
Адистер бул аянттын ар бир гектарынан 600–700 центнерден түшүм алууну күтүшүүдө. Долбоор заманбап агротехнологияларды жайылтууга жана өлкөнүн кант өндүрүшү үчүн сапаттуу чийки зат базасын чыңдоого багытталган.