Солтон-Сарыда экологиялык талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынды
Солтон-Сары өрөөнүндөгү алтын өндүрүүчү комбинатты жаңылоо (модернизация) иштеринин алкагында калдык сактоочу жайдын (хвостохранилище) курулушуна карата экологиялык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш иштеринде экологиялык нормалардын одоно бузулушу катталган жок. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экологиялык талаптарды так сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу негизги приоритет экендиги белгиленди.
Белгиленгендей, аталган объект ири масштабдагы мамлекеттик программага киргизилген. Курулуш иштерин толук аяктап, объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын август айына пландалууда.