Соң-Көлдө 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз орнотулган 6 миң 250 метр узундуктагы синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору «Кара-Тал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте эки күндүк рейд өткөрүштү.Нет описания фото.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн аймагынан мыйзамсыз коюлган эски торлор тазаланып, суу биологиялык ресурстарын коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы №261 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.

Экологиялык кызматтын маалыматына ылайык, Соң-Көлдүн жаратылыш байлыктарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана көлдүн экологиялык тең салмагын коргоо боюнча көзөмөл иштери улантылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X