Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн унааларга 66 миң сом айып пул салынды
Нарын облусунун Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо боюнча өткөрүлгөн рейдде мыйзам бузган 12 учур аныкталып, жалпы 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында авто жана мототранспорт каражаттарынын мыйзамсыз жүрүүсүнө бөгөт коюу.
Министрлик белгилегендей, жайыттарда унаалардын, мотоциклдердин жана квадроциклдердин жүрүшү өсүмдүк катмарына жана топуракка зыян келтирип, эрозиянын күчөшүнө жана экосистеманын бузулушуна алып келет.
Буга байланыштуу министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого жана жайыттарга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.