Соода миссиясы Кыргызстан менен Азербайжандын ишкерлерин жакындаштырат
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Азербайжан Республикасындагы өкүлү Йылмаз Окуклу менен жолугушуп, Кыргызстандын Азербайжанга боло турган соода миссиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтө турган иш-чараны уюштуруу, делегациянын курамын түзүү, сапар программасын даярдоо жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу B2B жолугушууларды өткөрүү маселелери каралды.
Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ишкер коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн түзүү боюнча пикир алышты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын экспорттук потенциалын илгерилетүүгө, ата мекендик продукциялар үчүн жаңы рынокторду ачууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.
Темир Сариев Азербайжан Кыргызстандын аймактагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, алдыдагы соода миссиясы эки өлкөнүн ишкерлери ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүн айтты.