СОТ ТУТУМУНДА ЖҮРҮП ЖАТКАН РЕФОРМАЛАР
Сот тутумунда Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында реформа башталганына бир топ убакыт болуп калды. Эске салсак Жогорку Соттун төрагасы тарабынан алгач аймактык соттордун ишин жакшыртууга аракет жасалууда. Системадагы айрым мүчүлүштүктөрдү жоюуда талаптар катуу коюлуп, тартип орнотуу аракети көрүлдү.
Андан соң эл арасында сурамжылоо жүргүзүү иши башталган. Тактап айтканда Кыргызстандын бардык аймактарындагы сот имараттарына
QR-коддор коюлуп, ишке киргизилген.
QR-коддор аркылуу жарандар сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берип, өз пикирлерин, сунуштарын же даттанууларын электрондук түрдө калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Соттордо QR-коддордун коюлушунун негизги максаты — сот системасында ачыктыкты, жеткиликтүүлүктү жана коомчулуктун ишенимин жогорулатуу, ошондой эле жарандар үчүн маалымат алууну жана кайрылуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү болуп эсептеле тургандыгы айтылган. Бул демилге сот адилеттигин заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө жана жарандар менен сот органдарынын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого да багытталган.
Негизгиси QR-коддор аркылуу берилген жарандардын баалары жана пикирлери жергиликтүү (райондук), облустук жана Жогорку соттун төрагаларына гана жеткиликтүү болот. Бул маалыматтар ай сайын талданып, жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелер жана билдирүүлөр боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп турат. Мындай тартип сот органдарынын жоопкерчилигин күчөтүп, жарандардын сот системасына болгон ишенимин арттырууга кызмат кыла тургандыгы айтылууда. Андыктан, соттордун ишине баа берүүдө жарандар активдүү болушу зарыл.
Жакынкы күндөрү сот системасына дагы бир жаңылык киргизилгени турат. Тактап айтсак, сот отурумдарынын онлайн көрсөтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Муну менен сот процесстеринин ачыктыгы камсыз кылынат жана коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштердин сот процесстерин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал. Бардык сот иштери аудио жана видеого жаздырылып, протоколдоштурулат. Бул иштерди илгерилетүү үчүн учурда бардык аракеттер көрүлүп жатат. Ал эми азырынча Жогорку Соттун жетекчилиги QR-коддор аркылуу сурамжылоонун жыйынтыктарын көрүп, тиешелүү чараларды жүргүзүп жаткан убак.
Сот тутумунда QR-коддор иштей баштагандан бери айрым жыйынтыктар чыккан. Мисалы, соттордун ишин баалоого 402 адам катышкан. “Соттордун ишин кандай баалайсыз?” деген суроого жооп бергендердин 72%ы “сот процесстери жакшы өттү” деген пикирин калтырышкан. Ал эми 7% жарандар сот процессине “начар” деген баасын берген.
“Сотторго ишенесизби?”- деген суроого 390 адам “ооба”, 32 жаран “жок” деген жооп берген.
“Соттун чечимин түшүндүңүзбү?” суроосуна жалпысынан 231 жаран “ооба”, 20сы “жок” деген жообун калтырышкан.
Негизинен сурамжылоодо сот залынын абалы, судьялардын жүрүм-турумуна чейин так берилген суроолор бар. Эгер жарандар активдүү болуп, QR-коддор аркылуу системаны баалап турушса, Жогорку Сот тутумундагы мүчүлүштүктөрдү жоюу тездетилмек.
Жазгүл Кенжетаева