"Эркин-Тоо"

Советтер Союзунун баатыры, генерал майор Дайыр Асанов

— Советтер Союзунун баатыры, генерал майор Дайыр Асанов 1922-жылы 30-май да Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында карапайым дый кандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1941-жы лы мектепти ийгиликтүү аяктап, декабрь айында Советтик Армиянын катарына ча кырылган. Аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген.

— Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик со гушка 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-тан ктарга каршы жеңил артиллериялык брига дасында замбирек мээлөөчүсү катары баш таган. Андан кийин Түштүк-Чыгыш, Дон, Степной, 2-Украина фронтторунда душман менен салгылашкан.

— 1942-жылы каардуу согушта жаш жоо кер замбирек менен душмандын танкасын атып, курал-жарак жүктөлгөн унаасы менен кошо жок кылган. Бул үчүн ал «Согушта гы эрдиги үчүн» медалы менен сыйланган.

— 1942-жылдын 19-ноябрындагы Ста линградды душмандардан бошотуу үчүн болгон согушта көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазала ган. Ошол күнү Асанов душман менен бол гон кармашта төрт танк, алты замбирек, курал ташыган алты унаа жана отузга жа кын немис аскерин жок кылган. Кармашта ага эки жолу ок атылып, катуу жаракат ал ганына карабастан душманга чабуул жаса ганды токтоткон эмес. Сталинград алдын дагы согушта көрсөткөн эрдиги жана тай манбастыгы үчүн «Кызыл Жылдыз» жана Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражада гы ордендери менен сыйланган.

— Бирок, тайманбас жоокерди согуш тагы эң чоң сыноо алдыда күтүп жаткан. 1943-жылы 23-мартта Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллерия лык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгы лашкан. Тактап айтканда, душмандар со веттик армияны туш тараптан каптап ке лип аёосуз чабуулга өтүшкөн. Ошол маал да асмандан «жааган» бомбалардан улам аскерлер окко учуп, бир гана Дайыр Аса нов башчылык кылган бир нече жоокерлер тирүү калган. Туш-туштан басып кирген душмандарга Асанов өзү жалгыз туруштук берген. Өзү куралданып алып душмандын үч жолку танк менен чабуулун токтотуп, сегиз танк, үч зооттолгон унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун душмандын мизин кайтар ган жоокерге совет бийлиги татыктуу баа берип Ленин ордени, «Алтын жылдыз» ме далы жана Советтер Союзунун Баатыры наамдарын ыйгарган.

— Дайыр Асанов согуштан кийин 1946-жылы Ульяновск танктык окуу жа йын, андан кийин 1950-жылы Ташкентте ги жогорку танктык окуу жайды, 1956-жы лы Ленин атындагы аскердик-саясий ака демияны аяктаган. Билимин өркүндөткөн соң Республикалык аскерий комиссариат тарда жана бир катар аскерий кызматтар да иштеген. 1951-1955-жылдар аралыгын да Кыргыз ССРинин Жогорку Советин де депутат болгон. 1958-жылы СССР жа на КРнын Журналисттер союзунун мүчө сү. 1985-жылдан 1996-жылга чейин өз де милгеси менен негиздеген офицер кесибине даярдоочу аскердик-лицейди жетектеген. 2005-жылы ал лицейге Дайыр Асановдун ысымы ыйгарылган. 1994-жылы генерал майор чининде отставкага чыккан. Ленин, эки жолу 1-даражадагы Ата Мекендик со гуш, 3 Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы “Манас ордендери” жана ме далдар менен сыйланган.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели
Айтолкун БАДЫРОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!