"Эркин-Тоо"

СOVID-19: Россияда жалган сертификатты аныктаган тест иштелип чыкты

«Спутник V» вакцинасын өндүргөн ишкана коронавируска каршы вакцина алгандыгын, же эмдөөдөн өтпөгөндүгүн текшерген тест иштеп чыкты. Бул жаңы технология эмдөөдөн өтпөй туруп, вакцина алгандыгын тастыктаган жалган сертификаттардын ээси болгондорду аныктоо үчүн колдонулат. Бул тууралуу маалыматты Гамалеи атындагы Институттун мүдүрү Александр Гинцбург билдирди. Анын айтымында, тест тапшыруу учурунда адамдын канынан Спутник V жана «Спутник-Лайт» препараттарынын биринчи компонентинде колдонулган аденовируска каршы иштелип чыккан антителону көргөзөт.

 «Спутника V» препаратынын биринчи компоненти аденовирустун негизинде даярдалган. Бул вирус адамдын организминде өтө сейрек кездешет. Эгерде адамдын канынан аталган вируска каршы иштелип чыккан антитело аныкталса, ал адамдын вакцина алгандыгын тастыктайт”, — дейт Александр Гинцбург 

Гинцбургдин билдирүүсүндө, бир айдан ашык убакыттан бери институттун адистери жарандарды тест менен текшерип, бул технологияны сыноодон өткөрүп келишет. Жыйынтыгында текшерүүдөн өткөндөрдүн 20 пайызы жалган сертификаттарды колдонуп жүргөндүгү ачыкталган.

Учурда Россиянын Ички иштер министрлиги жалган сертификаттарды саткандарды аныктоо боюнча иш алып баруусун күчөттү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!