СOVID-19 сезондук илдетке айланабы?
Россия Федерациясынын Эпидемиология жана илимий изилдөө борборунун илимий иштери боюнча директору, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Александр Гореловдун айтымында, калктын 80 пайызында вируска каршы имунитет пайда болгон учурда гана коронавирус сезондук илдетке айланат.
«Эгерде жамааттык иммунитет иштелип чыкса, вирустун өзгөрүүсү төмөндөп, мутацияцияга кабылуу мүмкүнчүлүгү тарыйт. Анткени вирус иммунитети жок организмде гана өзгөрүүгө дуушар болот. Андыктан жамааттык иммунитет 80 пайызды түзүшү керек», — дейт Горелов.
Окумуштуунун айтымында, учурда коронавирус жөнүндөгү негизги маалыматтар бар, бирок вирус улам мутацияга кабылганы илдет толугу менен изилденип бүтпөй келет. Вирус өзгөргөн сайын жаңы касиеттерге ээ болуп жатат. Ошол себептен көптөгөн өлкөлөрдө анын ар түрдүү генотиптери аныкталып, бирине бири эч окшобойт.
«Жаматтык иммунитет калыптанмайын, коронавирус ар дайым көңүл чордонунда боло берет», — дейт окумуштуу.