«Сөз менен айтып жеткис»: Мирбек Атабеков «Бишкек Аренадагы» атмосфера тууралуу

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 204

Ырчы Мирбек Атабеков «Бишкек Аренада» өтүп жаткан репетиция учурунан видео бөлүшүп, жаңы стадионго таасирленип сүйүнүчүн билдирди.

«Буга чейин башка мамлекеттердеги стадиондорду көрүп, таң калып жүрчү элек. Бүгүн болсо дал ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөчө стадион биздин жерибизде, борборубуз Бишкек шаарында ачылып жатканына абдан кубанып, сыймыктанып турам.

Бул жердеги өзгөчө атмосфера, сезимдер сөз менен айтып жеткис. Кыргызстандын борборунда мындай заманбап стадиондун ачылышы биз үчүн чоң сыймык. Менин кубанычым чексиз деп айтсам болот», — деди ырчы.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 204
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X