«Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн бюджеттен дагы 600 миллион сом бөлүнөт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстан Россиянын «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн бюджеттен дагы 600 миллион сом бөлөт.
Вакцинанын бир дозасы 9-10 доллар турат.

Министрдин айтымында, буга чейинки келген вакцинанын саны чектелүү болгондуктан(20 миң доза), «Спутник V» Бишкек шаарынын аймагында гана 65 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорусу бар кыргызстандыктар ала аларын белгиледи.

«Себеби, ооругандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталып жаткандыктан, баш калаага көбүрөөк басым жасалууда, каалоочулар үчүн азырынча Кытайдын Sinopharm препараты бар”, дейт Бейшеналиев.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X