Үстүбүздөгү жылдын 24–26-март күндөрү Стамбул шаарындагы тарыхый Атлас кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — кыргыз кинематографиясын эл аралык деңгээлде таанытуу, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын кеңейтүү жана түрк көрүүчүлөрүн кыргыз кино өнөрүнүн заманбап жетишкендиктери менен тааныштыруу.
Кино күндөрүнүн алкагында бир катар кыргыз тасмалары көрсөтүлөт. Алардын катарында Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары”, Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган “Качкын”, ошондой эле Руслан Акундун “Бейиш 2” тасмалары бар.