Статком күн карама майынын июль айындагы баасын жарыялады
Кыргызстанда 2026-жылдын июль айында күн карама майынын орточо баасы бир килограммына 193,68 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Июнь айында күн карама майынын орточо баасы 193,04 сом болсо, июлда ал 64 тыйынга, же болжол менен 0,3 пайызга жогорулаган.
Өлкө боюнча эң кымбат күн карама майы Жумгал районунун Чаек айылында катталып, анын бир килограммы 208,38 сомдон сатылган. Андан кийинки орундарда Нарын – 198,90 сом, Каракол – 198,38 сом, Баткен – 197,67 сом жана Ош – 197,32 сом болду.
Ал эми эң төмөнкү баа Манас районунун Семетей айылында катталып, бир килограммы 164,84 сомду түзгөн. Ноокатта күн карама майы 177,06 сом, Токтогулда – 178,06 сом, Өзгөндө – 178,61 сом болгон.
Бишкек шаарында күн карама майынын орточо баасы 192,87 сомдон 193,72 сомго чейин жогоруласа, Ош шаарында тескерисинче 198 сомдон 197,32 сомго чейин төмөндөгөн.
Эң олуттуу баа өсүшү Өзгөндө катталып, бир ай ичинде күн карама майынын орточо баасы 166,46 сомдон 178,61 сомго чейин, башкача айтканда 12,15 сомго жогорулаган.