Суэц каналындагы окуя үчүн 900 млн доллар талап кылуу негиздүүбү?

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11

Суэц каналынын администрациясынын суу кыймылын тосуп калгандык үчүн 916 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүү талабы негизсиз деп билдирди Ever Given UK P&I Club контейнер ташуучусун камсыздандырган компания. Эске салсак, каналдын жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын 23-мартында каналдын агымын тороп калган дүйнөдөгү эң ири контейнер ташуучу Ever Givenкемеcин компенсация толук төлөнгөнгө чейин деп камакка алган. Каналда 6 күн кемелердин, контейнер ташуучулар менен мунай танкерлеринин тыгыны жаралган. Кыймыл толугу менен 3-апрелде гана толук калыбына келтирилген.

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X