Сүйүнчү! Кызыл китептеги турна Ысык-Көлдө балапан чыгарды

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 524

Ысык-Көл облусунда сейрек кездешүүчү жаратылыш окуясы катталды. Тагыраагы, Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында катардагы турнанын алгачкы жолу уя салуусу аныкталды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-апрелинде корукчу А. Калчаев Жети-Өгүз корукчасынан катардагы турнанын уясын тапкан. Уя Ысык-Көлдүн жээк тилкесиндеги саздуу аймакта жайгашкан.

Ал эми 24-май күнү ошол эле аймактагы талаанын четинен эки балапаны менен жүргөн катардагы турналардын жубу байкалган.

Учурда коруктун кызматкерлери канаттууларды өзгөчө көзөмөлгө алып, коргоо иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Ысык-Көл жаратылыш коругунун илимий кызматкери С. Кулагин бул окуя боюнча илимий макала даярдап, аны Москвадагы Евразия турналары боюнча эл аралык жумушчу топтун бюллетенине жөнөткөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда катардагы турнанын уя салуусу акыркы жолу 1958-жылы Чүй өрөөнүндө катталган. Ал эми Ысык-Көлдө мындай көрүнүш тарыхта биринчи жолу болуп жатат.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 524
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X