Сүйүүнүн эң чынчыл, эң тайманбас үнү акын кыздардын калеминде
Бүгүнкү адабий процесске назар салсак, кыргыз поэзиясында бир акыйкат көрүнүшкө күбө болобуз. Сүйүү темасын жигиттерге караганда акын кыздарыбыз ички чындык менен ачык, тайманбай жазып жатышат. Алар сүйгөнүнүн жүзүнө тике карап сүйлөйт, тагдыр менен талашат, коомдук шаблондон коркпой чыгып, өзүнүн сезимин ачык коргойт. Муну жөн гана жаштыктын кайраты эмес, аялдын ички дүйнөсүнүн поэзиядагы эркиндикке чыгуусу деп кабыл алуубуз керек. Ал эми айрым акын жигиттердин ырларында сезимди көмүскө берүү, ички тартынчаактык, шарттуу образдарга жашынуу кездешет. Албетте, бул бардык акындарга тиешелүү эмес. Бирок бүгүнкү адабий айдыңда сүйүүнүн эң чынчыл, эң тайманбас үнү көп учурда акын кыздардын калеминен жаралып жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Чыныгы поэзия дал ушундай жүрөктүн үнүн эч нерседен тартынбай айта алган эркиндиктен жараларын акын кыздарыбыз далилдеп жатат сыягы.
Мына ошондой талантуу кыздарыбыздын бири – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, “Ыр данек” ыр жыйнагынын автору Бермет Абдыкалилована Закирова. Мен Бермет айымдын чыгармачылыгы менен таанышып отуруп, адамдын өзүнүн ички дүйнөсү менен болгон реалдуу драмалык диалогго күбө болдум. Акын өз ырларында башка адам менен эмес, өзүнүн кечээки жана бүгүнкү “менин” ачык диалогго тартып сүйлөшөт. Анын чыгармаларынын өзгөчөлүгү – ички монолог менен психологиялык драманын табигый айкалышында. Акын “Өзүмө-өзүм” деген төрт строфадан турган ырында сүйгөн жардан ажыроону, коштошууну, жеңилүүнү, анан кайра жаралууну жогорку деңгээлде, мыкты сүрөттөп берген. Келиңиз окурман адегенде ырды чогуу окуп, анан маанисин карап көрөлү:
ӨЗҮМӨ-ӨЗҮМ
“Таштап кеткем кечээ өзүм-өзүмдү,
Талаадагы кызгалдактуу айдыңга.
Таразасы бузулбаган дүйнөнүн,
Таштак жолдуу ааламына кайрылба!
Кош айтканым ырас өзүм-өзүмө,
Сөз бергенмин убадалар ортодо.
Суранганмын анан өзүм-өзүмдөн:
“Сууруп сал – деп өткөндөрдү козгобо”.
Коштошорго келдим өзүм-өзүмө,
Жалгыз жүрөм көчөсүндө көңүлдүн.
Жубатарга жүрөк байкуш сөз таппай,
Көз жашыма бүгүн өзүм жеңилдим.
Коштошсом да, таштасам да өзүмдү,
Бүгүн керек өзүмө-өзүм биригүүм.
Топтоп анан сыныктарын үмүттүн,
Бүгүн керек кайра баштан тирилүүм”.
Бул ырдын биринчи строфасы окурманды дароо эле психологиялык мейкиндикке жетелеп алып жөнөйт:
“Таштап кеткем кечээ өзүм-өзүмдү,
Талаадагы кызгалдактуу айдыңга.
Таразасы бузулбаган дүйнөнүн,
Таштак жолдуу ааламына кайрылба!..” Мындагы “Таштап кеткем кечээ өзүм-өзүмдү” деген биринчи сап албетте реалдуу окуя эмес. Мындан лирикалык каармандын метафоралык өзүнөн ажыроосун байкоого болот. Психологияда мындай абал адамдын мурдагы дүйнө таанымынан, сезиминен же инсандык абалынан аргасыз алыстап кетүүсүн билдирет. Экинчи саптагы: “Талаадагы кызгалдактуу айдыңга” абдан адеми символ. Кызгалдак – кыргыз поэзиясында жаштыкты, тазалыкты, көктөмдү, өткөн бактылуу учурларды билдирет. Бул саптан лирикалык каарман өзүнүн мурдагы “менин” ошол таза дүйнөгө таштап кеткени сезилет. Үчүнчү-төртүнчү саптар акырындык менен философиялык бийиктикке көтөрүлөт: “Таразасы бузулбаган дүйнөнүн…” тараза – адилеттүүлүктүн символу. Бирок лирикалык каарман, “Таштак жолдуу ааламына кайрылба!” деп өзүнө буйруктуу кайрылат. Бул окурманды ойго салган парадоксалдуу көрүнүш. Дүйнөнүн бузулбаган таразасы калыс, бирок ошол таразага чейинки жол таштак, катаал, оор. Лирикалык каарман кайра ошол азаптуу айлампага кайрылгысы келбегенин билдирет.
Экинчи строфа:
“Кош айтканым ырас өзүм-өзүмө,
Сөз бергенмин убадалар ортодо.
Суранганмын деп мен өзүм-өзүмдөн,
“Сууруп салгын, өткөндөрдү козгобо…” Бул строфанын мааниси, өткөндү кайра козгобой ошол өтүмүшүндө калтыруу. Бул күчтүү психологиялык идея. Мында ички конфликт тереңдейт. Биринчи эки сапта лирикалык каарман убадаларды ортого коюп өзүнө-өзү ант берет. Бул өзгөчө көрүнүш. Адатта адамдар башка бирөөгө сөз берет. Бул строфада болсо адам эң биринчи өзүнө-өзү жоопкер экенин көрсөтөт. Үчүнчү саптагы, “Суранганмын деп мен өзүм-өзүмдөн…” деген сүйлөм өзгөчө эмоционалдуу. Бул жерде буйрук эмес, өтүнүч турат. Бул адамдын өзүнүн алсыздыгын моюнга алган акыйкатты билдирет. Акыркы сапта, Сууруп салгын, өткөндөрдү козгобо” эң ийгиликтүү образдардын бири. “Сууруп салуу” деген сөз хирургиялык тактыктагы метафора. Өткөндү эстебей жөн гана тамыры менен сууруп, алып сал дейт. Бул сапта лирикалык каармандын ички дүйнөсүндөгү сезимдердин, жан дүйнө толкунданууларынын, кубанычынын, кайгысынын, коркуусунун, үмүтүнүн анан да ички драмасынын абдан бийик көркөм чагылдырылуусу, бир сөз менен айтканда күчтүү психологиялык экспрессия жатат.
Үчүнчү строфага келсек:
“Коштошорго келдим өзүм-өзүмө,
Жалгыз калгам көчөсүндө көңүлдүн.
Жубатарга жүрөк байкуш сөз таппай,
Көз жашыма бүгүн өзүм жеңилдим…” Бул строфа ырдын эң драмалуу бөлүгү. Мында лирикалык каарман мурдагы өзүн, мурдагы ашыктык каарманы менен акыркы жолу коштошуп, узатууга келген адамдай көрүнөт. “Жалгыз калгам көчөсүндө көңүлдүн” деген экинчи сап ийгиликтүү поэтикалык мыкты табылга болгон. Көңүл көчөсү реалдуу эмес, бирок элестетүүгө мүмкүн болгон психологиялык мейкиндик. Бул көчөдө адам жалгыз калды. Бул сап жалгыздыктын ички философиясын жеткиликтүү ачып берген. Үчүнчү саптагы “Жүрөк байкуш” эпитети эмоцияны күчөтүп турат. Акыркы сап ырдын чиеленишкен кульминациясы. “Көз жашыма бүгүн өзүм жеңилдим” мында жеңилген адам башка бирөө эмес же башка бирөөгө жеңилген жок, өзүнүн кайгысынан жаралган көз жашына жеңилген. Бул сап ашыкча пафосу жок, абдан табигый жаралган.
Төртүнчү строфа:
“Коштошсом да, таштасам да өзүмдү,
Бүгүн керек өзүмө-өзүм биригүүм.
Топтоп анан сыныктарын үмүттүн,
Бүгүн керек кайра баштан тирилүүм. Бул ырдын философиялык соңку чечими. Алгачкы үч строфа төгүлүп-чачылуу, коштошуу жөнүндө болсо, бул строфа кайра жаралуу тууралуу. “Бүгүн керек өзүмө-өзүм биригүүм” бул сап ырдын эң негизги идеясы. Мында адамдын ойлору, сезимдери, ишенимдери, баалуулуктары анан да жүрүм-туруму бири-бирине шайкеш келип, ички дүйнөсү бүтүндүккө жеткен абалы көрүнүп турат. Адам мурдагы ашыктык азабынан алган жаракаттарын кабыл алып, өзүнүн бүтүндүгүн кайра калыбына келтирүүгө аракет кылууда. “ Топтоп анан сыныктарын үмүттүн” деген үчүнчү сап образдык жактан абдан ийгиликтүү табылга болгон. Үмүт айнек эмес. Бирок акын аны айнектин сыныгындай элестетет. Ошол сыныктарды кайра чогултуу адамдын жашоого кайра кайтып келиши. Акыркы сапта: “Бүгүн керек кайра баштан тирилүүм” бул жерде диний да, философиялык да, экзистенциалдык да маани жатат. Бул физикалык эмес, руханий тирилүү. Ыр дал ушул сап менен логикалык жактан ийгиликтүү аяктайт.
Бул ырды акыркы жылдары кыргыз калемгерлеринин лирикалык чыгармаларында кеңири кездешип келе жаткан өзүн-өзү издөө, ички кризис, руханий жаңылануу темасында жаралган ийгиликтүү психологиялык ырлардын катарына кошууга болот. Анын башкы артыкчылыгы – ички драманы сырткы окуяларсыз эле, өзү менен өзүнүн сүйлөшүүсү аркылуу ачып бергенинде. Ар бир строфа руханий өнүгүүнүн өзүнчө этабын түзүп, акыркы строфада бакыттан үмүт үзбөй бүтүндүккө биригип, кайра жаралуу идеясы менен жыйынтыкталат. Сөзүбүздү жыйынтыктап айтсак, бул ыр психологиялык лириканын жакшы үлгүсү. Чыгармада адамдын өзүн жоготуп, кайра табуу процесси ишенимдүү берилген. Лирикалык каарман ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүнү сырттан сүрөттөй, өзүнүн ички үнү аркылуу ачып берип, философиялык ойду эмоционалдык табигый абал менен чебер айкалыштырган. Образдар көбүнчө символдук мүнөзгө ээ, тилдик каражаттар жасалмалуу эмес, ал эми финал окурманды үмүтүү калтырат. Мына ушундай мыкты чыгармалардын үстүндө жигердүү иштеп келе жпткан мыкты калемгер – Бермет айымга бекем ден-соолук, зор бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Бахпурбек Аленов