«Сулайман-Тоо» музей-комплексинде реконструкция башталды

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 82

2026-жылдын 21-ноябрынан тартып Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштеринин биринчи этабы башталды.

Бүгүн музей-комплексинин башкы директору Медербек Апарханов менен «Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун координатору Ш. Арынов подряддык курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда алдыдагы иштердин долбоору жана реконструкциялоо процессинин жүрүшү жеринде талкууланды.

Учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында музей-комплексинин инфраструктурасын жаңылоо жана зыяратчылар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда.

Реконструкциялоо иштери Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери убактылуу толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратындагы экспозиция залы келүүчүлөр үчүн ачык бойдон калат.

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X