Сулайман-Тоодогу көрүстөндөр иретке келтирилет
Сулайман-Тоо музей-комплексинин корук аймагындагы көрүстөндөрдү иретке келтирүү боюнча иштер башталды.
Буга байланыштуу маданият министрлиги тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Ош мэриясы, окумуштуулар жана дин өкүлдөрү кирди.
Маалыматка ылайык, негизги максат тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен катар аймактагы санитардык абалды жакшыртуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү иретке келтирүү болуп саналат.