Сулайман-Тоону айланта веложол куруу пландалууда

26-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 85

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагына веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу сунушталды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен жолугуп, анда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жаңылоо долбоору тааныштырылды.

Долбоорго ылайык, Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары, ошондой эле музейлердин ички жана сырткы бөлүктөрү толугу менен жаңыланат. Долбоор 12 бөлүктөн туруп, үч этап менен ишке ашырылат. Аны Дүйнөлүк банк каржылайт.

26-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X