Султан Макилов, милициянын полковниги: “Мыйзамсыз миграцияга каршы көзөмөл күчөтүлөт”
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мөөнөтү 31-июлда аяктайт. Андан кийин мыйзам бузгандарга карата жоопкерчилик чаралары күчүнө кирет. Мыйзамсыз миграцияга каршы саясат, этникалык кыргыздардын жарандык алышы жана коопсуздук маселелери тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Макилов Султан Бейшенбекович менен маектештик.
– Султан Бейшенбекович, Президент мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө 31-июлга чейин өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду. Учурда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн саны канча деп бааланууда жана алардын канчасы бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланды?
– Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын так санын алдын ала аныктоо мүмкүн эмес. Себеби миграциялык кырдаал дайыма өзгөрүп турат. Айрым жарандар өздөрүнүн укуктук макамын мыйзамга ылайык жөнгө салышат же өлкөдөн чыгып кетишет.
Президенттин 2026-жылдын 24-июнундагы №233 Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул мезгилде алар миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылбайт жана чыгуу визасын тариздөөдө консулдук төлөмдөн бошотулат.
Азыркы тапта бул мүмкүнчүлүктөн канча адам пайдаланганы боюнча жыйынтыктоо иштери мөөнөт аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандарды ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырат.
– 31-июлдан кийин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө карата кандай чаралар көрүлөт? Министрлик көзөмөлдү күчөтүү үчүн кандай жаңы механизмдерди ишке киргизүүдө?
– 2026-жылдын 31-июлунан кийин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата мыйзамда каралган бардык чаралар колдонулат. Миграциялык мыйзам бузуу аныкталса, укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, айып пул салынат. Мыйзам бузуу оордугуна жараша өлкөдө болуу укугу токтотулуп, чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылышы жана белгилүү мөөнөткө кайра кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан иш берүүчүлөр менен түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Айрыкча курулуш, жеңил өнөр жай, тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 9-майынан тартып күчүнө кирген мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн негизинде миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн дифференцияланган айып пулдар киргизилип, чет өлкөлүк жарандарды чакырган жана жумушка алган жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги кыйла күчөтүлгөн.
– Акыркы мезгилде этникалык кыргыздардын жарандык алышы көбөйүп жатат. Жарандык берүүдө коопсуздук маселелери кандай текшерилет?
– «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамга ылайык, этникалык кыргыздар үчүн жарандык алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби каралган. Алар айрым жалпы талаптардан бошотулат жана өлкөдө белгилүү мөөнөт жашоо талабын аткарбастан жарандык ала алышат.
Бирок, бул жеңилдетилген тартип коопсуздук талаптарын жокко чыгарбайт. Ар бир талапкердин арызы мыйзамда белгиленген тартипте кылдат текшерилет. Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары талапкердин өздүгүн, документтеринин аныктыгын жана улуттук же коомдук коопсуздукка байланыштуу бардык жагдайларды сөзсүз иликтешет.
– Кыргызстан бир жагынан этникалык кыргыздарды мекенине кайтарууга шарт түзүп жатса, экинчи жагынан мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды күчөтүүдө. Бул эки багыттын тең салмагын кантип камсыз кылууда?
– Бул эки багыт бири-бирине карама-каршы эмес, тескерисинче бири-бирин толуктайт. Мамлекет этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келип, мыйзамда каралган жеңилдетилген тартипте жарандык алышына шарт түзүп келет. Ошол эле учурда мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар бардык чет өлкөлүк жарандардын мыйзам талаптарын бирдей сактоосун камсыз кылууга багытталган. Бул саясат мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн, жасалма документтерди пайдаланууну жана миграциялык мыйзам бузууларды алдын алууга кызмат кылат.
– Мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө айып пулсуз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Министрликтин баамында бул кадам мыйзамсыз миграцияны азайтууда натыйжалуу болобу?
– Бул чечим мыйзамсыз миграцияны кыскартууга өбөлгө түзөт. Өз ыктыяры менен чыгып кеткен адамдар укуктук макамын кошумча жоопкерчиликке кабылбастан жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошол эле учурда бул жеңилдик убактылуу гана чара экенин белгилеп кетүү керек. 2026-жылдын 31-июлунан кийин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата мыйзамда каралган бардык жоопкерчилик чаралары толук көлөмдө колдонулат.
Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги миграциялык кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоого багытталган профилактикалык жана ыкчам иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.
Чынайым Кутманалиева