Султан Садыралиев жана Курал Чокоевге «Эмгек сиңирген артист» наамы ыйгарылды
Кыргызстандык белгилүү өнөр адамдары — Султан Садыралиев, Аксайбек Мукамбет уулу жана Курал Чокоев «Эмгек сиңирген артист» ардак наамына ээ болушту.
Ардак наамдар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган.