Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун жаркын элеси эскерилди

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 132

Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жергиликтүү тургундар, шаар жетекчилиги жана мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Сүлүктү шаардык маданият үйүндө уюштурулуп, жылуу жана достук маанайда өттү.

Жолугушууда Исхак Раззаковдун мамлекеттин өнүгүшүнө жана элдин бакубат жашоосуна кошкон тарыхый салымы кеңири эскерилди. Катышуучулар улуу инсандын өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу маалымат алып, анын эмгегине өзгөчө баа беришти.Возможно, это изображение один или несколько человек

Иш-чаранын алкагында режиссер Алим Токторов тарткан «Исхак Раззаков» аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүр жолу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Жергиликтүү тургундар Эльмира Раззаковага жылуу каалоо-тилектерин билдирип, Исхак Раззаковдун эл үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбай турганын белгилешти. Өз кезегинде Эльмира Раззакова Сүлүктү элине ыраазычылык билдирип, атасынын жаркын элесин сактап, анын мурасын урматтап келген баткендиктерге терең ыраазы экенин айтты.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-июлда, Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна иш сапары менен келишти. Сапардын алкагында алар Исхак Раззаковдун күмбөзүнө зыярат кылып, анын ысымын алып жүргөн билим берүү мекемелеринде жана жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X