Супермен жөнүндө комикс рекорддук баага сатылды

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11

Бул тууралуу CNBC билдирди. 1938-жылы жарык көргөн комикстин көчүрмөсү онлайн аукциондо 3,25 млн долларга сатылды. Онлайн аукциондун директору Винсент Зурзолонун айтымында, «Аталган санда белгилүү Супермен биринчи жолу пайда болгон». Зурзоло алгач жүз миң нуска менен басылып чыккан комикстин бүгүнкү күндө жүзгө жакын нускасы гана болгонун баса белгилеп, сатылган көчүрмө эң мыкты сакталгандардын бири экенин кошумчалады.

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X