Суу алдынан 59 чакырым мыйзамсыз тор жана бир тоннадан ашык таштанды чыгарылды
Кыргызстандын көлдөрү менен суу сактагычтарында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору өлкөнүн суу объектилеринде күнү-түнү рейд жүргүзүп, мыйзамсыз балык уулоо фактыларына жана суу экосистемасына зыян келтирген көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатышат.
2026-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында суу түбүнөн жалпы узундугу 59 миң метрге жеткен мыйзамсыз синтетикалык торлор чыгарылып, 1 тоннадан ашык таштанды тазаланды.
Анын ичинде:
- Ысык-Көлдөн — 30 300 метр тор жана 860 килограмм таштанды;
- Токтогул суу сактагычынан — 26 400 метр тор;
- Киров суу сактагычынан — 1 500 метр тор жана 300 килограмм таштанды;
- Орто-Токой суу сактагычынан — 500 метр тор;
- Соң-Көлдөн — 300 метр тор чыгарылган.
Министрлик учурда өлкөдө балыктардын урук чачуу мезгили жүрүп жатканын белгиледи. Адистердин айтымында, бул мезгилде суу биоресурстарын коргоо өзгөчө мааниге ээ. Анткени нерест маалында жок болгон ар бир балык келечектеги миңдеген балыктын азайышына алып келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүп, көлдөрдө жана суу сактагычтарда үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Министрлик жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого жана суу ресурстарын коргоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.