Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу–азык-түлүк коопсуздугунун кепили

19-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 158

 Иштерман адистиктен – жетекчиликке ….

Нуржан Рысбекович Назаралиев Талас районунун  Көк-Токой айылында 1982-жылы туулган. Бишкек шаарындагы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык Университетинин  “гидротехникалык курулуш” факультетинен билим алып, “инженер-гидротехник” кесибине ээ болгон. Эмгек жолун 2002-жылы Талас өрөөнү боюнча чарба аралык каналдарды тейлөө бөлүмүндө техник кызматынан баштаган. 2006-жылы Талас Бассейндик суу чарба башкармалыгына которулуп, “Талас” гидробөлүмдүн II категориядагы адистик кызматында иштеп жүргөнүндө эле суу чарбасына жоопкерчиликтүү иштерман  жаш кызматкер келгенин көрсөткөн. Өзүн билимдүү жөндөмдүү, курулуш иштерине жаңы ыкмаларды колдонуу менен жүргүзгөндүгүнөн, айыл тургундары менен  көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун жакшы билгенинен улам эмгек жамаатынын колдоосу менен, 2015-жылы ушул аталган “Талас” гидробөлүмгө башчы болуп дайындалган. Жаштыгына карабастан, сугат суу чарба тармагында бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди  аткарып, дыйкандардын эгин талааларына өз убагында сугат суу берүү үчүн,  оңдоо иштерин так, сапаттуу аткара билген, дыйкандардын кызыкчылыгын өйдө коюп, жумушчу-кызматкерлер менен иштей алган такшалган адис катары көрсөттү.  2023-жылы май айында

Н.Назаралиев Талас райондук суу чарба башкармалыгына жетекчи кызматына дайындалган. Ошол жылы  Талас облусубузда  табигый шарттын себебинен улам кургакчыл болуп, өзөндөрдөн келген суунун көлөмү аз болду. Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлбөй, сугат каналдарына  жеткиликтүү сугат суу жүктөө үчүн дыйкандар менен түзмө-түз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду. Биринчи орунга дыйкан-фермерлерге сугат сууну тең жана калыс бөлүштүрүү – эң маанилүү иштөө принциби деп билип, айыл чарба өсүмдүгүнөн жогору түшүм алууга шарт түзүп берүүнү багыттап алды.

2023-жылы декабрь айында Нуржан Назаралиев  Талас Башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул жоопкерчиликтүү милдет жаш адистин дагы да белсенип иштөөгө, ирригациялык тармакта жаңы багыт менен иш алып барууну көзөмөлдүккө коюп келет.  Райондук суу чарба кызматкерлери менен биримдикте сугат суу берүү графигин кайрадан иштеп  чыгуу менен, дыйкандарга сугат суу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып жатат.

Заманбап технологияларды колдонуп ….

Сугат мезгилине сапаттуу даярдык көрүү жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында ирригациялык каналдарды, гидротехникалык курулмаларды, шлюздарды жана гидропостторду тазалоо, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери бекитилген план-графикке ылайык жүргүзүлүп келет.

Талас суу чарба башкармалыгында  чарба каналдардын узундугу 582,7 км болсо, анын 40%ы бетон менен капталган, көпчүлүгү союз убагында бетондолгонунан, бүгүнкү күнү бетондук бөлүктөр  жараксыз абалга келип калды. Жыл сайын жер-арык каналдарды бетондоону максатка коюп, сугат каналдарда сугат суунун фильтрацияга, жерге сиңип кетишине учуратпоо максатында ондоо иштер жүргүзүлүп келет. 2025-жылы сугат каналдарынын 11,3км чакырымында оңдоо, бетондоо, бетон полотно жайылмасы төшөлүп,  каналдардын  19,0км чакырымы механикалык тазалоодон өткөрүлүп, 81 даана гидротехникалык курулмалар, 18 даана суу өлчөөчү чектер оңдолду. 2026-жылы да  заманбап технологиялык ыкма менен сугат каналдардын  20,6 км  чакырымын бетондоо, бетон полотно төшөлмөсүн төшөө, оңдоо каралган. Жазгы сугатка чейин сугат каналдарда 8,0 км чакырымда оңдолуп, монолиттик бетондолуп, Г түрүндөгү темир –бетон блоктор менен капталып, жаңы заманбап технологиялык ыкма менен сугат каналдарын бетон төшөлмөсү (полотно) төшөө иштери аткарылды. Сугат суу берүү токтоору менен, кайрадан күз-кыш мезгилинде оңдоо, бетондоо иштери улантылат. Бул аталган оңдоо иштер аткарылса, сугат  суу  менен камсыздоо жылдан-жылга жакшырып, өлкөбүздүн өнүп-өсүшүнө өбөлгө түзүлүшүнө суу чарбасынын да салымы болот деп ишеничтебиз.

Облуста 7 даана БДР курулат

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Суу ресурстары Кызматынын  Талас облусу боюнча ирригациялык объектилердин 2026–2035- жылдар аралыгында аткарыла турган иш-аракеттер планы иштелип чыккан.  Жакынкы арада Талас облусунда 7 (жети) даана БДР–он күндүк суу топтоо көлмөлөр (суу сактагычтар) курулат.

Талас районунун, Нылды,  Калба, Кен-Кол, Беш-Таш өзөндөрүнө БДР, Бакай-Ата районунун Урмарал жана  Кумуштак өзөндөрүнө БДР, Айтматов районунун Бакайыр өзөнүнө БДР куруу каралып жатат. Азыркы күндө Бакай-Ата районунун Урмарал өзөнүндө жана Талас районунун Нылды өзөнүндө БДР курууга “Кыргызсуу долбоор” ачык акционердик бирикмеси тарабынан чалгындоо-изилдөө жумуштарга келип, көрүп кетишкен. Азыркы убакта долбоорлоо иштери август айында  аяктоо алдында турат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелинде чыккан  №207 токтомунун «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” аткаруу максатында Талас  облусу боюнча  бардык ички чарбалык ирригациялык системаларды аныктоо жана тактоо, инвентаризациялоо иштери райондук, облустук  суу пайдалануучуларды колдоо бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан такталып, кайсы менчик формасында иштеп жаткандыгы аныкталды. Ички чарбалык каналдар Талас облусу боюнча 2238,9 км түзөт. 2025-2026-жылдары суу чарба башкармалыгынын карамагына 72,97 км, 2 даана он күндүк суу топтоо көлмө-БСР, 2 даана ички чарба суу насостору кабыл алынды. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр тарабынан ички чарба объектилерине  мамлекеттик акт алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Облустук бийликтин көмөгү

Ички чарба каналдарды  механикалык тазалоо   суу чарба тармагында эң олуттуу жумуштардын бири болуп келет. Быйылкы жылы да  Талас облустук  бийликтин омоктуу көмөгүнүн аркасында күйүүчү-майлар бөлүнүп берилген. Айыл өкмөттөр,  суу чарба башкармалыктары,  дыйкандар менен биргеликте чогуу “ашар” ыкмасынын натыйжасында  оор-техника  механизмдер менен ички чарба сугат каналдар  механикалык  159,5 км чакырымда механикалык тазаланды.

2025-жылы жазгы сугатка даярдык көрүү үчүн облустук администрация тарабынан демилгеленип, ички чарба каналдар 80,37 км  механикалык тазаланган.

Башкы максат – сарамжалдуулук

Сугат сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн  ирригация системасындагы гидротехникалык курулмаларды жана суу бөлүштүрүүчү шабаалар оңдолуп, суу өткөрүүчү трубалар, ички суулардагы шабааларды да дыйкандардын суроо-талабы боюнча оңдолуп, сугат сууну жеткирүү иштерине көмөк көрсөтүлүп келет. Суу ченөөчү чектерди оңдоого олуттуу көңүл бурулуп, сугат суу  ченөөчү чектерге контролдук  приборлор-датчиктерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Суу чарбасындагы бул кадам сугат суунун келишинин көлөмүн тастыктап жана көзөмөлдөө менен  сугат суунун дыйкандарга туура бөлүнүп берилишин камсыздап келет. Мындай ыкма суунун керектелишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана эсепке  алуунун тактыгын жакшыртат. Бардык ирригациялык системаларда  суу ресурстарын бөлүштүрүүнү эффективдүү башкарууга мүмкүндүк түзүлөт. Былтыркы   жылы өзөндөрдө суунун келиши аз болуп, кургакчылык болгондуктан, “которуштуруп сугаруу” ыкмасы менен  дыйкандарга сугат суу жеткирип берилип турду. Быйылкы жылы өзөндөрдө суунун келиши жакшы, бирок  бат-бат нөшөрлөгөн жамгырдын жаашы эгин талаасында  себилген үрөндөрдү жууп кетип, кыйындыкка учурап  жатат. Нөшөр жамгырдан улам сел алып кеткен жерлерде кайрадан калыбына келтирилүү жумуштар ыкчам аткарылды. Акведук-трубалар оңдолүп, сугат суу берүү менен дыйкандарга жеткирип берүү үзгүлтүккө учураган жок. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу максатында суу бөлүштүрүү тартиби такталып, сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.  Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүгүн себүүдө “которуштуруп айдоо” ыкмасын колдонууга, жердин асылдуулугун сактоо сунушталып турат.

Суу пайдалануу тармагындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, суу ресурстарын коргоо жана натыйжалуу пайдалануу багытында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барылууда. Жер-жерлерде айыл аймактарда сугат суу берүүнү көзөмөлдөө максатында ар бир райондо штаб түзүлүп, келип чыккан көйгөйлүү суроолор айыл өкмөттөр менен каралып келет. Айыл аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу  себилишинен маалымат алынып, сугат суу берүүнүн иш планы көзөмөлдөнүп турат. Айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүдө которуштуруп айдап-себүүнү үйрөнсөк. Анткени, бир түрдүү өсүмдүктү тигип алып, мисалы төө бурчак, бир убакта сугат суу менен камсыздоо кыйынчылыкка алып келип жатат. Ошондой эле каналдардын этегинде жайгашкан сугат жерлерге сууну  аз талап кылган айыл чарба  өсүмдүктөрүн себүү туура керектигин суу ресурстар кызматы тарабынан сунушталып  келет.

Тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасын кеңири жайылтууда

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Суу ресурстары Кызматы  Талас облусу боюнча  суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртууга жана өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында сугат суу менен начар камсыз болгон жер тилкелерине,  кунарсыз пайдаланбай келе жаткан жерлерди өздөштүрүүгө багыт алуу  үчүн Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотууну сунуштап келет. Бул заманбап сугаруу ыкмаларын жайылтуу боюнча сунуштар берилип, айыл чарбасынын агрардык өнүгүү башкармалыктары жана айыл өкмөттөр менен тиешелүү иштер: жерди трансформациялоо, долбоор түзүүгө жана келишим кабыл алынышы керектиги тууралуу иштер жүргүзүлүп жатат. 2025-жылы Талас облусу боюнча 170 га тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулду.   Алсак, Манас районунун Семетей айыл аймагындагы М-1 каналынын астынан 12,5 га жерге жаңгак отургузулуп, тамчылатып сугаруу системалары иштеп жатат. Жаңгактын 80 пайызы өнүп чыккан.  Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ногой каналынын астынан Ак-Башат айылында 60 га жана Бакайыр айылында 20 га, Шекер айыл өкмөтүнүн Көк-Сай айылында Бел каналынын астынан 20 га айдоо жерлерине тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтүнүн Боо-Терек айылында 57,5 га жерге тамчылатып сугарууга мамлекеттик акт алынып, материалдар ташылып келген. Мамлекеттик археология кызматы менен Маданият министрлигинен тиешелүү уруксат кагаздар алуу иштери күтүлүп жатат. 2026-жылы да тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу максатында 585,5 га жерге иштер жүрүп улантылып жатат. Алсак, Манас районунда 185,5 га жер аянты пландалып, азыркы учурда жер тилкелери такталып,

долбоордук-сметалык документацияларды  даярдоо үчүн “Кыргыз Суу долбоор” ачык акционердик бирикмесине жөнөтүлдү. Айтматов районунда Аманбаев, Чолпонбай  жана Аманбаев айыл өкмөтүндөгү Талас-Органик мекемеси 103,0 га, Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүндө 118 га жана Талас районунун Каракол айыл өкмөтүндө 179 га жерге  тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга жерди трансформациялоо иштери айыл өкмөттөр аркылуу жүргүзүлүп жатат. Долбоорлоо-сметалык иш кагаздарын түзүү иштерине “Кыргыз Суу долбоор” мекемесине сунушталып жатат.

Скважиналардын ролу чоң

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары Кызматынын  Талас облусу боюнча  ар бир райондон 3 (үч) даанадан скважина куруу каралган. Азыркы убакта ар бир райондо  (Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас) эски иштебей калган скважиналардан 3 (үч) даанадан калыбына келтирүү керектиги тууралуу иштер жүргүзүлүп жатат. Скважиналардын жайгашкан орду, канча суу көтөрүп (дебет) чыгаары такталат. Скважинаны иштетүүдө  электр энергия менен камсыздоочу трансформатордук подстацияны аныктап, гидрогеологиялык  корутундунун негизинде долбоордук иштер каралып жатат. Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагында 1 даана скважина калыбына келтирилген, Кең-Кол  айыл аймактан 1 даана менен Беш-Таш айыл аймактан 1 даана, Бакай-Ата районунан Акназаров айыл аймактан 3 даана, Айтматов районунан Чолпонбай айыл аймактан 2 даана, Аманбаев айыл аймактан 1 даана, Манас районунан Семетей айыл аймактан 3 даана скважина куруу каралып, айыл өкмөттөр тараптан жерди трансформациялоо, жергиликтүү агрардык өнүктүрүү башкармалыктар менен  тыгыз иш алып баруу менен “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициянын” катышуусу менен долбоордук сметалык иштерди жүргүзүү керектиги маанилүү болуп жатат.

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу, эски скважиналарды кайрадан куруп, ишке киргизүү — сугат сууга болгон көйгөйлөрүн чечип, заманбап ыкма менен иштөөгө шарттар түзүлөт эле.

Талас өрөөнү боюнча азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана  айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу,  суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, сугат суунун жоготуусун азайтуу, вегетация убагында ирригациялык тутумдарынын туруктуу иштешин камсыздоо, оңдоо-калыбына келтирүү иштерин күчөтүү милдеттери турат.

Даярдаган  Козубек Иманкулов

 

19-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X