Суучулдар Ысык-Көлдөн 17 эски торду алып чыгышты
Суучулдар Түп районунун Күрмөнтү жана Кудургу айылдарынын тушунан эски 17 торду чыгарышты. Алардын жалпы узундугу болжол менен 1700 метрди түзөт.
Маалыматка ылайык, учурда көлдү тазалоо боюнча иштер улантылууда. Анын алкагында браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүп, көлдү торлордон тазалоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Суучулдар Ысык-Көлдүн жарандарды браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турууга чакырышууда.