Суусамыр – Талас – Тараз жолу 2028-жылга чейин реконструкцияланат
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Талас облусуна барып, аймактагы жол курулуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын негизги максаты – облустагы стратегиялык мааниге ээ болгон “Суусамыр – Талас – Тараз” унаа жолун реконструкциялоо иштеринин абалын жеринен көрүү болду. Долбоордун IV фазасы боюнча жаңылануучу тилкенин узундугу 93 чакырымды түзөт. Жол Талас шаарынан башталып, “Кичи-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин созулат.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2025–2028-жылдары жүргүзүлөт. Долбоор бүткөн соң 5 жылдык кепилдик мөөнөтү каралган. Министр подрядчы компаниялардын өкүлдөрүнө иштерди кечиктирбей баштоо, сапатты көзөмөлдөө жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү талабын койду.