Суусамырда дары чөптөрдүн фестивалы өттү
Суусамыр өрөөнүндө органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө арналган дары чөптөрдүн фестивалы жана «Ден соолук кербени» ийгиликтүү өттү.
Фестивалга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген дары чөп өстүрүүчүлөр катышты. Иш-чара Департаменттин өнөктөш уюмдары жана «АЙМАК» — Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарындагы дары чөптөрдү, фитопродукцияны жана аарычылык продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн кластердик ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, дары чөптөрдү өстүрүүнү кеңейтүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча резолюция кабыл алынды.
Уюштуруучулар билдиргендей, кийинки дары чөптөр фестивалы Ысык-Көл облусунда өтөт.