Суусамырда көчкү астында калган 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды
Бүгүн, 18-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү астында калган 59 жаштагы Д.А. аттуу жарандын денеси табылып, кар алдынан чыгарылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин күчөтүү тууралуу тапшырманы Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, генерал-майор Урматбек Шамырканов берген. Натыйжада куткаруучулар тарабынан жаран кар алдынан чыгарылды.
Мекеменин маалымдашынча, министрдин буйругу менен бүгүн издөө ишине жалпы 70 адам тартылган.
Эске салсак, 12-февраль күнү Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой жана 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол күндөн тарта издөө иштери тынымсыз жүргүзүлүп келген.