Суусамырдын суусуна түшүп кеткен адам табыла элек

13-май, 2022-ж. / Редакция / Аймак 28

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаранды издөө иштери бүгүн дагы улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, Жайыл районунун Суусамыр суусуна 1980-ж.т. И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен.Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнен жалпы 25 куткаруучу тартылып натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн дагы издөө иштери уланууда.

13-май, 2022-ж. / Редакция / Аймак 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X