Сузак районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 103

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагында кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат.

Бүгүн, 9-февралда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйграмы укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, учурда иштелбей турган №36 кесиптик лицейдин жатакансынын имаратын көрүп чыкты.

Аталган жай буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен иштейлбей келген. Облус башчысы мекемени натыйжалуу пайдалануу максатында, тез аранын ичинде калкты тейлөө борбору катары уюштуруу тапшырмасын берди.

Буга чейин райондун Сузак айылында иштеп жаткан тейлоо борборуна кайрылгандар көп болгондуктан, кошумча имаратка муктаждык жаралган.

Ленин айылында тейлөө борбору ачылса, ройондун жети айылындагы 90 миңге жакын калкка ыкчам кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 103

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X