Сузак районунун Барпы айылындагы Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун директору Арсен Аскеров: «БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – БЕЙТАПТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ДАРЫЛОО»
– Арсен Аскерович, сиз жетектеген оорукана калк саламаттыгы үчүн кандай багыттар боюнча кызмат көрсөтөт?
– Бүгүнкү күнү Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланын ден соолугун коргоо борборунда кош бойлуулукту кабыл алуу, ымыркайларды дарылоо жана зарыл болгон ар түрдүү медициналык кызмат көрсөтүлөт. Тагыраагы, борбордо акушердик реанимация, гинекологиялык эндоскопия, педиатрия, диагностика бөлүмү, балдар реанимациясы, балдар хирургиясы, атайын лаборатория, физиотерапия калыбына келтирүү жана башка медициналык кызматтар бар.
– Ооруканада дарыгерлер жетиштүүбү, медициналык жабдуулар боюнча борбордун мүмкүнчүлүктөрү кандай?
– Биздин борбор заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Башкы максатыбыз бейтаптарды натыйжалуу дарылоо. Борбордо коррупциялык аракеттердин жоктугу, анын алдын алуу үчүн бардык иштер көзөмөлдөнөт. Ошондой эле илимий тажрыйбаны клиникалык практика менен айкалыштыруу, заманбап окутуу жана үйрөтүү ыкмалары коштолууда. Жаш кадрларга карата талаптар күчөтүлүүдө. Дарыгерлер үчүн кошумча окуулар да камтылган.
– Ооруканага кайрылгандардын көрсөткүчү кандай? Күнүнө болжолдуу канча төрөт кабыл аласыздар?
– Борборго кайрылып медициналык кызмат алгандар көбөйдү. Бейтаптарга зарыл болгон хирургиялык, эндоскопия операциялары жасалат. Ар бир күнү диагностика жабдууларынан 70-90 бейтап ар кандай процедуралардан өтүшөт. Төрөт боюнча айтсам, күнүнө 15тен 20га чейин энелер көз жарат. Борборго Барпы аймагынан тышкары Сузак району, Базар-Коргон, Ноокен, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Кара-Көл, Токтогулдан бери бейтаптар кайрылып, керектүү медициналык кызматтарды алышууда. Аны менен катар биз кээде облустук ооруканада бейтаптар кезек күткөн жагдай болуп калганда бейтаптарды кабыл алып жардам беребиз. Ал эми профессорлор, эксперттердин жардамы менен дарылоону жакшыртуу боюнча иштер да четте калган жок. Клиникалык сунуштамалар өзгөртүлүп, сапаттуу медициналык тейлөөгө умтулуудабыз.
– Өзгөчө татаал жана кооптуу төрөттөргө борбордун даярдыгы кандай?
– Бизде баары камсыздалган. Тиешелүү дарыгерлер 24 саат бою энелер менен ымыркайлардын коопсуздугу үчүн кызматта болушат. Дарыгерлер бригадалары, тажрыйбалуу хирургдар, врачтар консилиумдары, санавиация жардамы, компетенттүү акушеркалар жана медайымдар толук бар. Бардык төрөттөр жана башка кызматтар акысыз. Жооптуу адистер дартты же кабылдоону тез аныктаганга жана минуталар сааттарды узартпай тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт.
– Бул борбордо балдардын ден соолугуна да кам көрүлөт эмеспи? Балдардын ден соолугу үчүн кайсы кызматтар көрсөтүлөт?
– Сузак аймактык ооруканасында педиатрия бөлүмү жок болгондуктан бизге кайрылган бейтаптардын саны көбүрөөк. Бизден балдардын ден соолугу боюнча амбулатордук, стационардык түрдө кызматтарды алууга болот. Негизинен өпкө, жүрөк оорулары, талма тырышма дарттары, травматология, кан тамыр оорулары боюнча кайрылышат.
– Жакында сиз жетектеген борбордо эмгектенген медицина кызматкерлерине мамлекеттик ипотекалык үйлөр, кызматтык унаалар берилди. Бул нерсе жаш кадрларга өзгөчө ишке болгон демин дагы да жогорулатса керек?..
– Ооба, кызматкерлерге берилген жаңы батирлер, жаңы унаалар чоң дем берди. Ишке болгон жоопкерчиликтерин дагы да бекемдеди. Ал эми дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлүшү аларга кубаныч тартуулады. Дарыгерлерге мотивация берүү, жаш кадрларды жумушка тартуу, аларды кармап калуу милдети турат. Бул чоң иштерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамын баса белгилеп кетким келет.
– Дарылоонун дагы жаңы кандай ыкмаларын киргизүү планыңыздарда бар?
– Жаңы бөлүмдөр ачылат. Мисалы, аялдын ден соолугу боюнча скрининг борборун ачуу пландалууда. Бул жерде рак оорусуна чейинки абалдарды, тукумсуздукту аныктоо жана дарылоо камтылса деп турабыз.
Мээрим Бактыбек кызы