Сузакта 92 маселе көтөрүлдү. Облус башчысы тургундар менен жолукту

Тилек Текебаев Сузак районунун Сузак айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 366 адам болду.

Жолугушууда тургундар тарабынан социалдык жана инфраструктуралык багыттагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Алардын катарында Сузак районунун борборунда курулуп жаткан муниципалдык базардагы курулуш иштеринин жай жүрүп жатканы, жер тилкелери жана турак жайларга байланышкан укуктук маселелер, таза суу менен камсыздоо, ирригация жана жол коопсуздугу боюнча көйгөйлөр айтылды. Ошондой эле жарандар жеке укуктук маселелери боюнча кайрылышты.

Жалпысынан 61 жаран тарабынан 92 маселе көтөрүлдү. Облус башчысы Тилек Текебаев ар бир кайрылууну угуп, айрым маселелерди жеринде чечүүгө көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, тиешелүү облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде карап чыгып, чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X