"Эркин-Тоо"

Сузакта кыз ала качкандар кармалды

12-апрель күнү, кечки саат 21:00дө Сузак районунда кыз ала качуу фактысы катталып, маалымат Сузак райондук милиция бөлүмүнө түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ала качкандар район аймагынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ала качууга туш болгон кыз аман-эсен ата-энесине жеткирилип берилди.
Учурда кыз ала качкандарга карата текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери ала качуу, мажбурлап нике кыюуга байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө. Калган иштер кыз тараптан жазылган тосмо арыздардын негизинде токтотулган.

Пример HTML-страницы