Сын-Таш айылында 64 млн сомго спорт зал курулууда
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында жаңы спорт зал курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлап, спорт залдын быйыл пайдаланууга берилерин билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуштун толук аянты 620 чарчы метр. Ал мектеп окуучуларынын спорт менен машыгуусу үчүн колдонулат.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Анын жалпы баасы 64 млн сомду түздү.