Сыргак Бактыяр уулу Транспорт министрлигинин маалыматтык саясат секторун жетектейт
Сыргак Бактыяр уулу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Маалыматтык саясат секторунун башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министр Талантбек Солтобаев кол койгон. Дайындоо ротациялоо тартибинде жүргүзүлүп, Сыргак Бактыяр уулу буга чейинки кызматынан бошотулган.
Ал буга чейин мамлекеттик агенттикте басма сөз катчы жана директордун жардамчысы болуп иштеген. Коомчулук жана ЖМК менен байланыш, мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүн ачык чагылдыруу багытында тажрыйбасы бар.
Жаңы кызматында ал министрликтин маалыматтык саясатын жүргүзүп, мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка так жана жеткиликтүү маалымат берүүгө жооптуу болот.