Түркиянын «Трабзонспор» футболдук клубунун күйөрмандары катуу жер титирөөдөн кийин Түркияга жардамга келген куткаруу топторуна стадиондо ыраазычылык билдиришти.
Ыраазычылык Конференция-Лигасынын плей-офф баскычында түрк клубу менен швейцариялык «Базель» беттешинин алдында стадиондо болду. Анда күйөрмандар куткаруучу, жер титирөөдөн каза болгон бала жана жер титирөөдөн кийин куткаруу ишине активдүү катышкан иттин сүрөтү түшүрүлгөн баннерди көтөрүшкөн.
Куткаруучунун баш кийиминде (каска) урандылардын астынан адамдарды издөөгө жана куткарууга куткаруучуларды жөнөткөн мамлекеттердин желектери тартылган. Алардын арасында Кыргызстандын желеги да бар.
Акыркы маалыматтар боюнча Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38 миңден ашты.