Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,8 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология борборуна таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.
Жер титирөө бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:24тө Кахраманмараш шаарынан 59 чакырым түндүк-чыгышта болгон. Жер титирөөнүн очогу эки чакырым тереңдикте болгон. Алгач бул силкинүүнүн күчү 7,8 баллга жеткени айтылса, кийин сейсмологдор 7, 7 балл деп баалашты.
Бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Ал Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн жети аймагында 912 адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам жарадар болгон.