Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылат

31-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 2026-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин убактылуу ачылат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына мындай деп жазды:

«Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү менен жерине барып таанышып келдик. Көпчүлүк тилкелерде таштар кулап, кар көчкү жана күрткүлөр басып калган кооптуу аймактары бар экен. Жолду коопсуз кылуу үчүн кошумча курулмалардын курулушу жүрүп жатат, аны менен катар улам тоо көчүп, таш кулаган тилкелерди тазалоо иштери убара кылууда.

Бул жол — 2014-жылы Кытайдан жана башка донорлордон (АБР, ИБР) алынган насыя менен башталган. Курулушка старт берилгенде долбоору шашылыш кабыл алынып, чийки болуп калган. Себеби, насыяга алынган 1 млрд долларга жакын акча каражатын эртерээк пайдаланалы деген кызыкдар топтор болгон. Себеби, миллиарддаган акча бар долбоорго көз арткандар четтен чыккан. Жарымын жолго жумшамыш болуп, жарымын уурдашкан. Ошентип, алынган насыянын жарымы эле ошол кездеги жетекчилер менен жооптуу адамдар тарабынан сол чөнтөккө солонуп кеткен.

Бүгүнкү күндө мамлекет миллиарддаган сомдорду кошумча жумшап, кемчиликтерди жоюп, жолдун бүтпөгөн жерлерин бүткөрүүдө.

Ал эми элдин талабы жолду тезирээк бүткөрүп, ишке киргизүү. Бирок толук бүтпөгөн тилкелер жүргүнчүлөр үчүн опурталдуу, кооптуу бойдон калууда. Ага карабай жүргүнчүлөр посттордо турган күзөтчүлөргө сүйлөшүп, пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар.

Элдин талабын жана суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Бирок, мурдатан бери келе жаткан айрым тилкелерде таш кулоо, тоо көчүп кетүү тобокелчиликтери адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Кудай анын бетин ары кылсын.

Кеч күздө ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин жол кайра жабылат. Жолдун курулушу, жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту камсыздоо маселеси 2028-жылы аяктайт. Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар жасалат. Убагында уурдалган каражаттар боюнча кылмыш иши козголгон, сот иштери жүрүп жатат».

31-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X